Мирбек Атабеков Мээрим Төлөпбергенге үй алып берди

Блогер Мээрим Төлөпберген социалдык тармактагы баракчасына үйлүү болгон кубанычтуу кабары менен бөлүштү.

Эми биздин өзүбүздүн үйүбүз бар. Жашоодогу кырдаалдарга, кыйынчылыктарга, жакшылыктарга, эки адамдын эки башка жол тандап кеткенине карабастан Мирбектин берешендигине ыраазычылык билдирем. Жаңы жыл сонун белек менен башталды. Бүгүн балдарды үйгө алып бардым. Эми алар өз бөлмөлөрүнө түс тандап жатышат. А мен болсо ашканамдын кандай болорун элестетип жатам”, — деп жазды ал.

Ал ошондой эле үй алуу планында бар болгонун, 31 жашында 3 баласы менен үйү болбогонуна кээде уялганын жазды. “Бул эки тарапка тең оңой жол болгон жок. Бирок 10 жыл чогуу жашап, ортобуздагы 3 балабыз үчүн бир чечимге келише алганыбыз үчүн кубанычтамын”, — деди.

Related posts

«Ая, айыгып кет». «Город 312» тобунун жаңы ырчысы сахнада ага арнап ырдады

admin

16-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Популярдуу түрк ашпозу анын сүрөтү түшүрүлгөн «Тазалыктын» унаасынын видеосун бөлүштү

admin

Комментарий