«Мокинтош» каймана аттуу Бостери айылын «смотрящийи» кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 22-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылын «смотрящийи» аталган Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды.

2020-жылы ал Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргызстандын жаранынан 5000 миң доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Асанбекке өткөрүп берген.

Булак:Сереп

Related posts

Президент Жапаров Каныбек Иманалиевди кызматтан алды

admin

КР УКМК: 7000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды

admin

20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий