«Мончого кеткен бойдон дайынсыз». Бишкекте 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат 

Бишкекте 1990-жылы туулган Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

20-декабрда милицияга анын жубайы кайрылып, жолдошу акыркы жолу 2-декабрда байланышканын, «С легким паром!» мончосунда экенин айтканын, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Белгилери: бою 180-185 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: кара куртка, кара жынсы, күрөң водолазка, кара ботинка.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (500) 60-70-67 номуруна кайрылсаңар болот.

Related posts

21 жаштагы “Түндүк электрдин” кызматкери сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калды 

admin

Бишкекте сарайдан чыккан өрт жанындагы турак үйгө өтүп кетти

admin

Садыр Жапаровду Бириккен Араб Эмираттарына коштоп кеткен делегациянын курамы

admin

Комментарий