Москвадагы өрттө кыргызстандыктар жабыркаган жок

Орусиянын Москва облусундагы өрттө кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Истра районундагы Петровское айылында «Озон» онлайн-ритейлер кампасында өрт чыгып, миңден ашуун адам эвакуацияланган.

ТАСС жана Риа Новости кампадагы өрт 17 саатта өчүрүлгөнүн, 11 адам жабыркаганын, экөө орто оор абалда ооруканага түшкөнүн жазышты.

Имараттын 40 миң чарчы метри күйүп, чатыры кулап түшкөн.

28-июлдан 29-июлга оогон түнү Москва шаарыныдагы хостелде чыккан өрттөн сегиз адам каза тапкан. Арасында өзбекстандык мигранттар болгон.

Related posts

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды

mediaportalk

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

mediaportalk

КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

mediaportalk

Комментарий