Москвадагы өрттө кыргызстандыктар жабыркаган жок

Орусиянын Москва облусундагы өрттө кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Истра районундагы Петровское айылында «Озон» онлайн-ритейлер кампасында өрт чыгып, миңден ашуун адам эвакуацияланган.

ТАСС жана Риа Новости кампадагы өрт 17 саатта өчүрүлгөнүн, 11 адам жабыркаганын, экөө орто оор абалда ооруканага түшкөнүн жазышты.

Имараттын 40 миң чарчы метри күйүп, чатыры кулап түшкөн.

28-июлдан 29-июлга оогон түнү Москва шаарыныдагы хостелде чыккан өрттөн сегиз адам каза тапкан. Арасында өзбекстандык мигранттар болгон.

Related posts

«Кумтөрдүн» 30 жылдыгы: Президент кимдерге сыйлык тапшырды? Тизме

admin

Ысык-Көлдө жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 4-декабрга карата аба ырайы

admin

«Шереметьево» аэропортунда Орусияга кире албай калган 20га жакын кыргызстандык бар

admin

Комментарий