Москвадагы жарылуудан аскер жетекчиси жана анын жардамчысы көз жумду

Москва шаарында, Рязань проспектинде жарылуу болуп, РФтин Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо боюнча аскердик бөлүгүнүн башчысы Игорь Кириллов жана анын жардамчысы көз жумду. Маалыматка караганда, жарылуу имараттын биринчи жана үчүнчү кабаттарынын айнектеринин күбүлуүүсүнө алып келген. Жардыргыч зат үйдүн подъездинин жанындагы самокатка байланган деп болжолдонууда.

Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп, адистер аймакты текшерүүдө. Тергөө комитети окуя боюнча иш козгоду.

Related posts

Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

admin

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды 

admin

АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту

admin

Комментарий