Мурдагы күйөөсү Н. Үсөнөвдөн жабыркаган Гүлзат Абакирова Камчыбек Ташиевке кайрылды 

“Бин Групп” жоопкерчилиги чектелген коомун жетектеген Нуржандын Үсөновдун биринчи аялы Гүлзат Абакирова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевке укугун коргоп берүүнү суранып кайрылуу жолдоду.
Анын айтымында ал 2022-жылы 28-ноябрда никени бузуу жана жалпы мүлктү бөлүштүрүү үчүн сотко кайрылганмын. Сот учурунда Үсөнөв Н.Н. Абакирова менен мыйзамдуу никесин бузбай туруп мамлекеттик кызматкерлерди “Расмий никеде турбайм” – деп алдап, никеси бар экендиги жөнүндө маалымат бербестен, мени менен каттаган никени жашырып, 1989-жылы туулган Болот кызы Жаркынай менен дагы бир жолу үйлөнүп никеге туруп алат.
Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:
“Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев мырза менин Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй: 13.10.2001-жылы Үсөнөв Нуржанбек Нийматович экөөбүз расмий никеге туруп, бул жөнүндө №28-жазуу түрүндө акт жүргүзүлгөн. Ортобузда 3 балабыз бар: Үсөнова Перизат Нуржанбековна 20.09.2001-жылы туулган; Нийматов Беркмырза Нуржанбекович 12.02.2005-жылы туулган; Нийматова Саида Нуржанбековна 12.10.2010-жылы туулган.
2010-жылы биз чогуу бизнес баштап, ун чыгаруучу комбинатты түптөгөнбүз. Усталарга, комбинатта иштегендерге тамагын даярдап, кирлерин жууп берип, бухгалтериясын өзүм карап, фирманы акырындык менен кеңейттик. Учурда комбинаттын аталышы “Бин Групп” жоопкерчилиги чектелген коому, салык номуру (ИСН) 03011201110168, ИУЖК 27602939, каттоо номери 119664-3301-ООО, кайра каттоо күнү 25.05.2018. Азыркы күндө ал фирмадан бир сом албай, балдарды өзүм камсыздап келе жатам.
2019-жылы мен мен Үсөнов Нуржандын экинчи үй-бүлөсү бар экендигин билгенден кийин чогуу жашабай калганбыз.
2022-жылы 28-ноябрда мен никени бузуу жана жалпы мүлктү бөлүштүрүү үчүн сотко кайрылганмын. Сот учурунда Үсөнөв Н.Н. мени менен мыйзамдуу никесин бузбай туруп мамлекеттик кызматкерлерди “Расмий никеде турбайм” – деп алдап, никеси бар экендиги жөнүндө маалымат бербестен, мени менен каттаган никени жашырып, 25.12.1989-жылы туулган Болот кызы Жаркынай менен дагы бир жолу үйлөнүп, 2019-жылдын 7-августунда Октябрь райондук ЖААКтан дагы бир жолу жазуу жүргүзүлгөн номери №400, документ сериясы KGZ02 0117949 болгон нике күбөлүк алып алган, ошол жалган документти колдонуп Нийматов Исамидин Нуржанбекович 25.10.2020-ж.т., Нийматов Ниязбек Нуржанбекович 11.09.2022-ж.т. балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн мамлекеттик кызматкерлерди алдап жасатышкан.
Өздөрүнүн мыйзамсыз кыймыл-аракеттери менен Үсөнөв Нуржанбек Нийматович менен Болот кызы Жаркынай Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн кылмышты жасаган, тактап айтканда, башка кылмышты жашыруу же анын жасалышын жеңилдетүү максатында, билип туруп жалган расмий документтерди пайдаланышкан.
Бирок, Үсөнөв Н.Н. өзүнүн кылмышын жашыруу максатында 18.02.2023-жылы ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Осмонов менин үстүмдөн Кыргыз Республикасынын КЖКнин 379-беренесинин 3-бөл. менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши козголгон күндөн тартып А.Осмонов кылмыш ишин бир тараптуу тергеп, кол тамгалар Үсөнөв Нуржан экөөбүздүкүбү же жокпу текшерүү үчүн соттук-кол жазма (подчерковедческая) экспертизасы дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы арадан 20 жылдан ашуун убакыт өткөндүгүнө байланыштуу идентификация кылууга мүмкүнчүлүк кылууга мүмкүн болгон жок деген тыянак чыгарган. Бирок, А.Осмонов мени жана менин адвокаттарымды экспертиза дайындоо жөнүндөгү токтом менен тааныштырбай туруп ведомстволор аралык соттук кол жазма экспертизасын дайындаптыр.
Үсөнөв Нуржанбек Нийматович “Бин групп” ЖЧКсынын директору жана негиздөөчүсү, фирманын пайдасы күнүгө бир миллион сомдон өйдө, акчасы көп болгондуктан мен экспертизанын жыйынтыгын акчага сатып алуусунан коркуп турам.
Анткени бүгүнкү күнгө чейин Үсөнөв Н.Н. үстүнөн жазылган бир да арыз каралбай, ал эми Үсөнөв арыз жазса 20 жыл мурдагы өзүбүз алган нике күбөлүктү жасалма деп жазган арызы менен дароо иш козголуп, бир жактуу тергелип, мени күнөлүү кылып табуу аракети тергөө тарабынан катуу жүрүп жатат. Жогорудагылардын негизинде,
Сизден, тергелип жаткан кылмыш ишин көзөмөлгө алып, УКМК эксперттеринин катышуусу менен өтө турган соттук-кол жазма экспертизасынын акыйкат өтүшүн жеке көзөмөлүңүзгө алып берүүңүздү суранам”, – деп жазылат кайрылууда.

Related posts

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыгышты (видео)

admin

Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрь күндөрү Японияга барары маалымдалды

admin

КР элчилиги “Аль-Каиданын” башчысы Гансиден учурулган учак менен жок кылынды деген маалыматты төгүндөдү

admin

Комментарий