Мурдагы муфтий жаңы кызматка дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Замир кары Ракиев шайланды.

Ракиев Замир Шейшенбекович 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:

Египеттеги Аль-Азхар Ислам университетинен «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билим алган. Бишкек гуманитардык университетинен чыгыш таануу боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

• 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими;

• 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору;

• 2010-2011 — Нарын облусунун мусулмандарынын казысы;

• 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары;

• 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

• 2017-2020 — муфтийдин орун басары;

• 2020-2021 — Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;

• 2021-жылдын июнь айынан тарта Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.

Related posts

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулат

admin

Жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз аба +10° жылуу болот – 2-январга карата аба ырайы

admin

ИИМ: «Коррупция боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды»

admin

Комментарий