Мурдагы президент Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

Биринчи май райондук соту КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди дарылануу зарылчылыгына байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат берди. Тиешелүү токтомго соттун төрагасы А.Калыбаев кол койду. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун соттук коллегиясы адвокаттардын А.Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошентип, криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту тарабынан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон деген жүйө менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11,2 айга эркинен ажыратылган.

Related posts

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнөлүк чемпиондукта Сингапурду 14:2 эсебинде утуп алды 

admin

Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алгандыгы үчүн кармалды

admin

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

admin

Комментарий