Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова жана анын уулу 8 жылга эркинен ажыратылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова жана анын уулу мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратылды.

Биринчи май райондук соту аны «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Анын уулу Кемел Кутманов КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал үй-мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылдык мөөнөткө жеке ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 2023-жылдын 25-июлунда УКМК мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын кармалганын билдирген.

Тергөө Динара Кутманова “министрлик кызматтын алкагында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ага жогорку бийлик тарабынан берилген ишенимге карабастан, жеке амбициясын жана жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүнгөн мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү үчүн кеңири коррупциялык тармакты уюштурганы тастыкталган.

УКМКнын маалыматы боюнча, ал өзүнүн мыйзамсыз коррупциялык иштерине жаратылышты коргоо жана экология чөйрөсүндөгү жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү имитациялоо үчүн кол алдындагыларды гана эмес, жакындарын, ошондой эле жакын санаалаштарын да тарткан.

Related posts

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар жаңы кабыл алган желектин иллюстрациясы менен бөлүштү

admin

Жалал-Абад шаарындагы жаңыланган “Курманбек” стадиону ачылды

admin

Бала бакча ачууну каалагандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө. Шарты

admin

Комментарий