Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия утту

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өтө турган Олимпиадага лицензия утту. Мушкер Таиланддагы лицензиялык турнирде 57 килограммга чейинкилер категориясында чыккан. Ал Италия, Мозамбик, Уругвай, Азербайжандын мушкерлерин жеңип жарым финалга чыккан. Боксчу жарым финалда украиналык спортчуга утулуп калып, 3-орун үчүн кармашта Мунарбек Сейитбек уулу индиялык атаандашын утуп, коло медалга ээ болду.

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бангкок шаарында 23-майдан бери Олимпиадага жолдомо бере турчу акыркы турнирге катышып жатат. Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашуу үчүн жөнөп кеткен.

Related posts

Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды

admin

Криминалдык авторитет Адилет Касенов да эркиндикте. Буга ден соолугу себеп болгон

admin

Талас облусунда мамлекеттик менчикке «Кербен-Базары» кайтарылды

admin

Комментарий