Муслим, Мухлиса, Мухаммед. Чүйдө 3 эм төрөгөн энеден кабар алышты

Бүгүн, 3-августта президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну Эркин кызы Насипканга барды. Ушул июнь айында 33 жаштагы Насипкан үч эм төрөгөн. Үч эмге Муслим, Мухлиса жана Мухаммед деген ысым берилген. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Гүлмира Алимбековна наристелерге 40 күн болгондо гүл, белектер менен барган. «Орун басары Насипкандын үй-бүлөсүнө мамлекеттик кепилдиктер, атап айтканда, жөлөк пулдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,- дешти. 

 

Булак:Сереп

Related posts

Садыр Жапаровду АКШга кимдер коштоп кетти?

admin

Бишкекте аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

admin

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

Комментарий