Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, Суу ресурстары кызматынын алдындагы «Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү» мекемесинин жетекчилигинин Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 42 айылда курулушу жүрүп жаткан иштер текшерилди.

Региондогу 42 айылдын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылмакчы.

Бүгүнкү күндө Орто-Саз, Жалгыз-Терек, Жан-Булак, Төш-Булак айылдарында курулуш иштери бүткөрүлдү.

Таза суу маселеси чечилсе, мектептерде, бала бакчаларда жана медициналык мекемелерде санитардык абалды жакшыртат.

2026-жылга чейин 13 мектеп, бала бакча жана 8 медициналык мекеме заманбап санитардык тутумдар менен жабдылат. Учурда 20 социалдык объектте санитардык системаларды изилдөө жана долбоорлоо боюнча иштер башталды.

Related posts

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” курулат: Инвесторлор үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк

admin

Ак кан оорусу менен ооруп жаткан кичинекей Жамиля Орузбаева жардамга муктаж

admin

Бали! Амантур Исмаилов Париж Олимпиадасына катышууга лицензия жеңди (видео)

admin

Комментарий