Нарында эки жаран террористтик жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартты 

Нарында эки жаран террористтик жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, кыргыз жарандары, 1985-жылы туулган Нарын облусундагы Нарын шаарынын Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусундагы Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, кыргыз жарандары эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда УКМК эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Related posts

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

admin

Надира Нарматова сунуштаган “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин дагы бир комитетинде колдоо тапты

admin

УКМК: Спирт ичимдиктерин аткезчилик жол менен алып кирген Кыргыз жарандары кармалды 

admin

Комментарий