Нарында кар көчкү түшүп, 84 кой-эчки, 3 бодо малды басып калган

16-январда саат 17:00 чамасында Нарын районунда Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары кыштоого каттоочу жолу да жабылган. Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган. Жол тазалоо айыл аймагына жүктөлгөн. Бактыга жараша табигый кубулушутун кесепетинен жабыркагандар жок.

Related posts

Сейсмология институтунун директору: «Диванда жаткан эксперттерди эмес, адистерди угуш керек»

admin

Депутат Калпаев: «Баткенде 200дөй окуучу алыс жайгашкан мектепке барууга аргасыз»

admin

Бишкекте кар жаайт. 14-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий