Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

Нарында бир катар имамдарга унаа белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын имамы Жаманак Карабаевге айыл элине 30 жыл имамдык кызмат өтөгөнү бааланып, 1982-жылдан 2005-жылга чейин туулган жаштардын демилгеси менен имамга унаа белек кылынды.

Ошондой эле Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы имамы Өмүркул Байтерековго 22 жыл имам болуп иштегендиги үчүн 1980-жылдан 1999-жылга чейинки туулган айыл жаштары унаа мингизишип, имамдын орозо майрамдык маанайын көтөрүштү.

Ал эми ушул райондун Жалгыз-Терек айылынын имамы Каныбек Кожомкуловко 8 жыл имамдык кызмат өтөгөндүгү үчүн музоолу уй жана майда жандыктарды тапшырышты.

Ошондой эле Кочкор районуна караштуу Комсомол айылынын имамы Сүйөркул Калмамбетовго 1978-жылдан 2000-жылга чейин туулган айыл тургундарынын демилгеси менен алдына унаа миңгизилип, имамдык ишине ыраазычылык билдирүү менен куттуктоолор айтылды.

Айт майрамынын урматына Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын имамы Качкынбек Чалаказак уулуна айыл тургундары имамдын 25 жылдык эмгегин баалашып, Умрага жолдомо сертификатын тапшырышты.

Related posts

Кыш бүттү, куртканын кереги жокпу? Бишкекте канализацияга куртка тыгылып калган

admin

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөр дем алыш болот

admin

Комментарий