Нарында жер титирөө катталды

24-январда саат 8:39да Кыргызстандын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Кыргызстандын Нарын районуна караштуу Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга (Жерге-Тал айылынан 12 чакырым, Нарын шаарынан 34 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

МСК салык төлөөчүлөрдүн маалымкат алуусу тууралуу депутаттын билдирүүсүнө комментарий берди

admin

Чоң маселеге айландырбайлы». Спикер депутат Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу өз пикирин айтты 

admin

Жапаров министрлерге: адилеттүү иштей албасаңар арыз жазып кеткениңер оң

admin

Комментарий