Нарында жер титирөө катталды

24-январда саат 8:39да Кыргызстандын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Кыргызстандын Нарын районуна караштуу Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга (Жерге-Тал айылынан 12 чакырым, Нарын шаарынан 34 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Малайзиянын премьери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

admin

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

admin

Комментарий