Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой турганын айтты

Назарбек Шералиев кылмыштуу чөйрөнүн идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында, кылмыштуу чөйрөдө орду чоң болгон, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну 1991-жылы туулган Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди.

Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса, жоопкерчилик тартууга даяр экендигин айтты.

Related posts

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

«Аю» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

admin

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду 

admin

Комментарий