Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып, каза болду

Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып, көз жумду. Маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

9-декабрда Ноокат РИИБге Ноокат районунун тургуну 2007-жылы туулган өспүрүмдүн асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты РИИБге катталып, жерине милиция барган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маркумдун жашы жете элек болгонуна байланыштуу башка маалымат беришкен жок.

Булак: Сереп Медиа

Related posts

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 2-мартка карата аба ырайы

admin

«Диверсия эмес, шалаакылык». Депутат ЖЭБдеги жарылууга саясий баа берилиши керектигин айтты

admin

Сузактагы кырсык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынды

admin

Комментарий