Ноокатта каза болгон өспүрүм. Медреселерге камера коюлат

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмү Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрүлүп, анда Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе болгон каргашалуу окуяга байланыштуу ДОЖдордо мыйзам талаптарынын аткарылуусун камсыздоо, ички тартиптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү, коопсуздук боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилген.

Алар:

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана КМДБнын уставдарына ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү;

— ДОЖдордун ички-сырткы тазалыгын камсыз кылуу;

— ДОЖдорго видео байкоочу камераларды орнотуу;

— Окуу сапатын арттыруу;

— КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү тайпалык журналдардын колдонулушун көзөмөлдөө;

— Диний окуу жайларда ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо.

Жыйынга катышкан облус аймагындагы ислам институттарынын, медреселердин жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана сабактан сырткаркы убактарында көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүлдү. Ошондой эле, жогоруда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жакынкы күндөрдө облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг өткөрүлө тургандыгы айтылды.

Related posts

Бишкектик окуучу Айдар Каныбеков Тайландда Муай -Тай боюнча чемпионатта байгеге ээ болду

admin

УКМК кызматкерлери КР Улуттук коопсуздук органынын ардагери Намазов Шаимбек Намазовичти 95 жылдык мааракеси менен куттукташты

admin

PISA-2025: өлкөдө бир ай бою өспүрүмдөрдүн билими, көндүмдөрү изилденет

admin

Комментарий