Новопавловкадагы сейил паркты жакшыртууда мыйзам бузуулар аныкталып,  кызмат адамдары кармалды

Бул тууралуу УКМКнын  басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай Новопавловка сейил паркын жакшыртуу иштери менен таанышуу максатында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана  Бишкек мэриясынын кызматкерлери, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары барышкан.

Коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан 2024-жылдын июль айында Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүндөгү 800 метрлик (1,1 га) сейил багын жакшыртуу боюнча 29 миллион сомдон ашык суммага тендер өткөрүлгөнү, подрядчы «Орбитал Строй» ЖЧКсы экендиги аныкталган. Анда, 2,8 миллион сомдук кошумча жумуштарды эсепке алганда, жалпысынан 31 миллион 910 миң 840 сом  жакшыртууга жумшалган.

Деген менен иш жүзүндө жакшыртуу иштери аткарылган эмес. Ошентип, Ленин райондук администрациясынын жетекчилери тарабынан тийиштүү көзөмөл болбогондуктан подрядчы максималдуу пайда алуу максатында ишти толук эмес, начар аткарган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 5 миллион 200 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Атап айтканда, «Зеленхоз» МИси эс алуу жайын баланска кабыл алган эмес, анткени тыюу салынганына карабастан сугат системасы ичүүчү сууга кошулган. Бирок «Зеленхоз» МИси отургузулган өсүмдүктөрдү сактоо максатында сугарууну камсыз кылуусу керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес. 

Жооптуу адамдардын жоопкерчиликсиз мамилесинин натыйжасында сейил бак аянычтуу абалда каралбай  турат, башкача айтканда 31 млн.910 миң 840 сом ысырап болгон.

Мындан улам төмөндөгү кызмат адамдары кармалды:

— Р. Э. А. («Новопавловка» МАБнын жетекчисинин орун басары);

— «Орбитал-Строй» ЖЧКсынын директору Д.Ж.Д. (подрядчы);

— С.Г.С. (Ленин райондук администрациясынын техкөзөмөлү)

Related posts

Шакиев Венада Австрия, Чехия жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушту

admin

Мамбет Мамакеев эртең акыркы сапарга узатылып, сөөгү «Ата-Бейитке» коюлат

admin

Шакиев: «Мектептер салынып, мугалимдердин айлыгы жогорулаганына карабай, билим берүүнүн сапаты өтө төмөндөп кетти»

admin

Комментарий