Нургазы Нишанов: “Кыргызнефтегаз” ишканасы жыл санап өнүгүүгө багыт алууда”

“Кыргызнефтегаз” ААК башкармалыгынын төрагасы менен маек.

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик башкармалыгы учурда кандай иштерди аткарууда? Мамлекетке кандай жардамдары бар? Чечилбеген көйгөйлөр менен күрөшүү зарыл болуп турабы? Бул боюнча аталган мекеменин төрагасы Нургазы Нишанов менен маек курдук.

— Саламатсызбы Нургазы мырза! «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик башкармалыгынын алдыга койгон пландары кандай жүзөгө ашууда? Деги эле жүргүзүлүп жаткан иштериңиз окурмандарга кызык болсо керек…

— Мунай өндүрүү көлөмү өткөн жылдын жыйынтыгы менен 184 миң тоннаны түздү, мурунку жылга коюлган пландан 9 миң тонна мунай көп өндүрүлдү. Алдыга коюлган план 105 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103 пайызды түздү. Бул көрсөткүчкө бургулоо иштерин туура уюштуруу, жаңы скважиналарды ишке киргизүү, ГРП жасоо жана чет элдик инвесторлор менен тыгыз кызматташууга баруунун натыйжасында жетиштик.

2023-жылы план боюнча жылына 61 миң 615 погондук метр бургулоо иштери каралса, аныгында 61 миң 826 погондук метр казылып, 34 жаңы скважина, анын ичинде 32 мунай өндүрүүчү жана 2 газ скважинасы ишке берилди. Мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында бул жылы 27 мунай скважинасында (ГРП) гидравликалык басым менен пласты жаруу ыкмасы колдонулуп, мындан 7700 тонна план боюнча мунай алуу каралган болсо, иш жүзүндө 9164 тонна, башкача айтканды, 1464 тонна пландан ашык өндүрүлдү.

Газ өндүрүүдө план 109 пайызга аткарылды. Тактап айтканда, 2023-жылы 25 миллион куб/м табигый газ өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 27,4 миллион куб/м газ өндүрүлдү. Мындан сырткары, өткөн жылы жаңы эки кен аянттарын чалгындоого лицензиялар алынды, алар: Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Жаңы-Арык участогун жана Ош облусунун Алай районунун Ачык-Таш участогун айтсак болот.

— Капиталдык салымдарга кандай каражаттар жумшалууда?

— Капиталдык салымдарга жалпысынан өткөн жылы 2 миллиард 594 миллион сом жумшалган. Бул каражаттар эксплуатациялык жана чалгындык бургулоого, ГРП жасоого, жабдууларды сатып алууга, капиталдык курулуштарга, долбоордук-изилдөө жумуштарына, рекультивацияга, имараттарды жана курулуштарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө сарпталган.

Былтыркы жылы техникалык жабдууларды, бургулоочу станокторду, атайын автоунааларды, станок качалкаларды, керектүү тетиктерди тендер аркылуу өз убагында сатып алуу чоң жардамын берди. Бургулоо жумуштарын натыйжалуу алып баруу максатында өткөн жылы Россия Федерациясынын “Автократ” заводунан жаңы заманбап МБУ-140 үлгүсүндөгү бургулоочу станок сатып алганбыз. Мындан сырткары, 2023-жылы (көп жылдардан бери сот процессинде чечилбей келе жаткан) ЗЖ-40 үлгүсүндөгү бургулоочу станок боюнча сот иштери аяктап, “Кыргызнефтегаз” ААКнын балансына өттү жана ал станок да ишке берилди.

Жумуш ыргагынын көпчүлүгү техникага байланыштуу болгондуктан, 2023-жылы 12 даана жаңы заманбап атайын техникалар сатып алынды. Анын катарында 2 даана УАЗ Патриот техникасы, 1 даана Хундай үлгүсүндөгү экскаватор, 1 даана 20 тонналык трубовоз, 1 даана АКОС үлгүсүндөгү кислоталык агрегат ж.б. атайын техникалар сатып алынды. УППН мунай даярдоо участогунда 3 миң кубдук мунай сактоочу резервуар курулуп, ишке берилди.

Жайкы сезондо нефтичилердин жана Кочкор-Ата шаарынын тургундарынын балдарын эс алуусун жана ден соолугун чындоо максатында “Зорька” эс алуу лагеринде былтыркы жылы башталган заманбап 10 котедждин курулуш иштери бүтүрүлүп, жайкы эс алуу сезонунда ишке берилди. Күз айларында дагы 6 даана жаңы котедждин курулуш иштери башталды, быйылкы жайкы эс алуу сезонунда колдонууга берилет. Мындан сырткары, нефтчилердин ден соолугуна кам көрүү максатында 24,5 миллион сомго Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынан 48 адамга ылайыкталган пансионат сатып алынып, июнь айынан тартып эмгек өргүүгө чыккан кызматкерлерди кабыл ала баштады.

2023-жылы «Кыргызнефтегаз» ААК 5 миллиард 980 миллион сомдук өндүрүлгөн продукцияны сатып жана өндүрүштүк кызматтарды көрсөткөн, башкача айтканда, план 94%га аткарылды. Киреше бөлүгүнүн азайышына Россия Федерациясынан күйүүчү жана майлоочу материалдардын арзан баада импорт болуп келиши себеп болду.

Кыргызстанда мунай өндүргөн жалгыз атамекендик өнөр жай ишканасы катары жумушчуларга болгон көнүл буруу жылдан жылга жакшыртылып жатат. Жумушчулардын ишке болгон кызыгуусун арттыруу, эмгектеринин акыбетин жогорулатуу максатында 2023-жылдын 1-декабрынан тарта маяна 10%га жогорулатылды. Мунун натыйжасында ар бир жумушчуга болгон орточо эмгек акы дээрлик 47 миң сомду түздү.

«Кыргызнефтегаз» ААК 2023-жылы мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 676 миллион сомдук төлөмдөрдү төккөн. Анын 1 миллиард 476,5 миллион сому салыкка, 469,1 миллион сому социалдык фондго чегерилген. Ал эми мамлекеттик үлүшкө бөлүнгөн дивиденддер 730,2 миллион сомду туздү. Бүгүнкү күндө акционердик коомдун мамлекетке, анын катарында салык кызматына эч кандай карызы жок.

Ишкана 2023-жылды жакшы киреше менен жыйынтыктады, тактап айтканда, 3 милиард 243 милион сом консолидацияланган баланстык киреше тапкан, консолидацияланган таза киреше 2 милиард 906 миллион сомду түздү. Ошентип бул багытта да план ашыгы менен аткарылды.

«Кыргызнефтегаз» ААК жумушчулардын жана Кочкор-Ата шаарынын кээ бир социалдык маселелерин өз каражатынын эсебинен чечип келет. Мисалы, былтыркы жылы жалпысынан социалдык объектерге 96,2 миллион сом каражат жумшалган. Анын ичинде бала бакчаларга 55,4 миллион сом, профилакторийге 12,4 миллион сом, “Нефтчи” маданият үйү жана спорт комплексине 15,4 миллион сом, башка калган объектилерге 12,9 миллион сом сарпталды. Өткөн жылы “Нефтчи” футбол клубуна 39 миллион сом акча каражаты которулса, күрөшчүлөр клубуна 8 миллион сом бөлүнгөн.

Эң маанилүүсү, Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКтын заводун модернизациялоо боюнча 409,9 миллион долларлык долбоор даярдалып, буюрса заводду модернизациялоо боюнча алгачкы жумуштар башталды.

Related posts

Феликс Кулов: «Ар бир жаран өлкөнүн келечегине кайдыгер болбошу керек!»

admin

8 балалуу эне: «Жолдошум «мени сенин туугандарың каматты» деп таарынып, Орусияга кетип калды»

admin

Гульбара Ишенапысова: Более 100 тыс. вакцин Pfizer от COVID-19 поступят в Кыргызстан

admin

Комментарий