Нурланбек Шакиев Ак-Талаадагы социалдык мекемелердин абалынан кабар алды

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Тоголок Молдо айылында жайгашкан Ж.Сатылганов атындагы орто мектептин жана андагы бала бакчанын абалы менен таанышты. 1988-жылы курулган окуу имараты азыркы тапта эскирип, талапка жооп бербей калган. Андыктан, жергиликтүү тургундардын башкы талабы мектепти толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев тиешелүү жетекчилерге кийинки жылы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселесин планга киргизүүнү табыштады. Жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууда Тоголок Молдо айылын таза суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каржынын жетишсиздигинен токтоп турганы айтылды. Өз кезегинде төрага резервдик фондунан 500 миң сом которорун убада кылды.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Баетов айылындагы Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун абалы менен таанышты. Анын ичинен айрымдары учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараты эскирип, жаңылоого муктаж. Ак халатчан адистер менен уюштурулган жолугушууда имаратты жаңылоо жана дарыгерлердин жетишсиздиги негизги көйгөй катары айтылды. Төрага Нурланбек Шакиев жаңы имарат куруу тууралуу сунушту өзү көзөмөлгө аларын белгилеп, тийиштүү жетекчилерге маселени чечүү тапшырмасын берди.

“Жаш балаты” бала бакчасынан да кабар алган төрага эскилиги жеткен имаратын жаңылоого көмөк көрсөтөрүн билдирди. “Борбордон алыс жайгашкан райондордогу социалдык мекемелердин абалы начар экенин баарыбыз көрдүк. Буга чейин да депутаттарыбыз Мирлан Самыйкожо менен Мурадил Сыдыков парламент жыйынында байма-бай көтөрүп келишкен. Андыктан, көйгөйгө өзгөчө көңүл буруп, Ак-Талаа району сыяктуу алыскы аймактардагы эскилиги жеткен социалдык мекемелерди жаңылап, ыкчам түрдө заманбап имараттарды куруубуз зарыл”, – деген төрага Ак-Талаа районундагы 22 бала бакчага заманбап принтер жабдууларын тапшырды.

Related posts

Чүйдөгү «Теплые ключи” санаторийинде 30дай кишиге кол көтөргөндөр кармалды

admin

В Бишкеке воздух прогреется до +11 градусов, – прогноз погоды на 28 февраля 

admin

Жаан жаайт. 7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий