Нурланбек Шакиев менен депутаттар Ташкенттеги Технопаркка барышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Ташкент шаарындагы Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты.

104 гектар аймакты ээлеген аталган Технопарк 2019-жылы негизделип, азыркы тапта беш миңден ашуун адам эмгектенет. Өндүрүштүк жайдан үй тиричилик буюмдары жана курулуш материалдары чыгарылып, алар өлкө ичинде жана чет мамлекеттерге сатылат. Тагыраагы, өткөн жылы 400 миллион долларга барабар товар өндүрүлүп, анын 100 миллион долларга барабар бөлүгү чет өлкөгө экспорттолгон.

Мындан тышкары, төрага IT-парктын да ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыкты.

Related posts

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери жолукту

admin

Жалал-Абадда сел жүрдү 

admin

УКМК: Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар өлкөдөн чыгууга аракет кылышкан

admin

Комментарий