Нурланбек Шакиев Улуу Британияга барды. Аны кимдер коштоп кетти?

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.

Related posts

Ошто жер титирөө катталды

admin

Күн жылуу болот. 23-октябрга карага аба ырайы

admin

Кар жаабайт. 6- февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий