Кечээ, 27-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги III сессиясы жыйынтыкталды. Жыйындын соңунда төрага Нурланбек Шакиев кеңири баяндама жасап, сессия алкагында жасалган иштерге токтолду.
Тагыраагы III сессия олуттуу окуяларга, маанилүү иш-чараларга бай болгонун эске салган төрага: “Күздө Кыргыз парламентинин 85 жылдык маарекесин белгилеп, мыйзам чыгаруу органынын тарыхын, баскан жолун жана келечегин талкуулаган ири иш-чаралар өттү. Анын ичинен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилеринин катышуусунда чоң конференция уюштурулуп, Жогорку Кеңештин мамлекеттеги эле эмес, эл аралык аралык деңгээлдеги ролу тууралуу кеңири баяндамалар жасалды”, – деди. Ага удаалаш Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблясынын кезектеги жыйындары жана Борбор Азиядагы лидер айымдардын форуму Бишкек шаарында өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Ошондой эле жыйынтыкталып жаткан сессияда жалпы 73 пленардык жыйын өткөнүн айткан Нурланбек Шакиев кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун саны 200дөн көп экенин маалымдады. Анын ичинен алгачкы жолу аймактык-административдик реформага багытталган мыйзам долбоорлору каралып, кеңири талкуудан кийин колдоого алынганын билдирген төрага: “Аталган мыйзам аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, өлкөбүздүн жаңы багытта алдыга жылуусуна жардамчы болот деген ишеничтемин. Албетте аталган реформага карата ар кандай сындар айтылып, талаштуу пикирлер да жок эмес. Бирок эгемендик алгандан бери ишке ашырылбай келе жаткан бул реформа чоң саясий эркти талап кылып, кеңири изилдөөлөр менен жасалганы турат. Буйруса, аягына чыкса сөзсүз жемишин берет. Мамлекеттик казынанын натыйжалуу пайдаланууга жана башкаруу системасын жөнгө салууга чоң мүмкүндүк түзүлөт”, – деди.
Мындан тышкары, кылым курулушу аталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салууга тиешелүү алгачкы мыйзам долбоорлорун да парламент колдоп бергенин билдирген төрага: “Келечекте аталган темир жол курулса Кыргызстан жол туңгуюгунан чыгып, Улуу Жибек жолу кайрадан калыбына келет. Өлкөбүздүн соода байланышы дагы кеңейип, мамлекеттер ортосунда эле эмес, континенттер ортосунда да жаңы транспорттук каттам ачылат. Тагыраагы, Чыгыш Азиядан Түштүк Европа өлкөлөрүнө баруучу жол 900 чакырымга кыскарат. Бул жүк жеткирүү убактысын бир жумага үнөмдөөгө мүмкүндүк берип, жүк ташуу көлөмүн кыйла көбөйтөт”, – деди.
Муну менен катар парламенттеги тармактык комитеттерде жана фракцияларда да кеңири талкуулар өтүп, Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда маанилүү чечимдер чыгып турганын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Андан сырткары, бир катар парламенттик угуулар, тегерек үстөлдөр уюштурулду. Депутаттардан сунушталган ар бир мыйзам долбоору милдеттүү түрдө коомдук талкуудан өтүп, коомчулуктун мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катышуусу камсыздалды. Бардык жыйындар ачык-айкын көрсөтүлүп, отурумдардын баары түз эфирде чагылдырылды”, – деп билдирди.
Мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин да эске салган Нурланбек Шакиев: “III сессиябызда аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, тышкы алакаларды чыңдоо аракетин көрдүк. Айрыкча алыскы өлкөлөр менен парламенттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасап, Улуу Британия, Венгрия, Австрия, Монголия, Азербайжан өңдүү өлкөлөргө расмий сапарлар уюштурулду”, – деп кошумчалады.
Сөзүнүн аягында алдыда дагы чоң ашуулар бар экенин айткан төрага: “Кыргыз парламенти мамлекетибиздин мыйзамдык базасын чыңдоого, Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында каралган программалык милдеттерди ишке ашырууга аракет кылып, калыптанган саясий системасы бар, экономикасы кыймылдуу өнүгүп жаткан жана калкынын кирешелери ырааттуу өсө баштаган демократиялык мамлекетти курууга көмөк көрсөтүшүбүз керек. Бул үчүн Президент жана Министрлер кабинети менен тыгыз иш алып барып, жигердүү кызматташуубуз максатка ылайык”, – деп жыйынтыктады.