Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал бул кызматка 2022-жылы дайындалып, ушул убакка чейин иштеп келди.

«Белгилеп кетким келет, мен эч качан бир же эки адам үчүн иштеген эмесмин, ар дайым өлкөнүн, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн эмгектендим. Ушул убакыт аралыгында өлкөдө маанилүү жана зарыл чечимдердин кабыл алынышына өз салымымды коштум. Мен эч жакка кетпейм, депутат катары ишимди улантам. Саясий туруктуулукту сактоо үчүн интригасыз иштөөнү үйрөнүшүбүз керек», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Related posts

20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

“Бишкек суу канал”: Карызы барлар төлөбөсө, анда 4-февралда суу берүүнү чектөөгө аргасыз болот

admin

Талас шаарында Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5600 сомдон сатылууда

admin

Комментарий