АКШдагы иммигранттар Дональд Трамптын жапырт депортациялоо программасына даярданып жатышат. Трамп президенттик шайлоодо жеңгенден кийин, мыйзамсыз мигранттарды массалык түрдө өлкөдөн чыгаруу боюнча программасын ишке ашырат деп убада берген. Бул программаны ишке ашырууда өзгөчө абал киргизүү жана аскердик ресурстарды колдонуу каралган.
Иммигранттар юристтер менен байланышып, бейөкмөт уюмдардын миграция боюнча жыйындарына катышып, Трамптын программасынан коргонуу аракетин көрүшүүдө. Алардын айтымында, мыйзамсыз мигранттар башпаанек алуу арыздарын калтырып, депортациядан качууга аракет кылышат. Грин-карта алууга умтулгандар болсо, АКШнын жараны болуу үчүн эртерээк өтүнмө берүүдө.
Журналисттердин маалыматына ылайык, АКШнын жарандары менен үйлөнүп, грин-карта алуу үчүн турмушка чыгууну көздөп жаткандар да бар. Трамптын убадалаган депортация программасы ишке кирсе, өлкөдөн төрт миллиондон ашуун үй-бүлө мүчөсү депортацияланып, эки жакта калуу коркунучунда болушат.
Массалык депортация Трамптын шайлоо кампаниясындагы негизги убадаларынын бири болгон жана ал президенттигинин биринчи мөөнөтүндө да Мексика менен чектешкен жерге дубал куруу үчүн өзгөчө абал режимин киргизген.