Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргой турганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эске салды.

Ири спорттук мелдеш 26-июлдан тарта 11-августка чейин Францияда өтөт. Кыргызстандан Олимпиадага төмөнкү спортчулар барат:

1.Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясы, грек-рим күрөшү);

2.Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);

3.Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү, команда капитаны);

4.Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);

5.Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);

6.Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);

7.Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);

8.Айсулуу Тыныбекова (62 кг, күрөш);

9.Айпери Медет кызы (76 кг, күрөш);

10.Мээрим Жуманазарова (68 кг, күрөш);

11.Денис Петрашов (сууда сүзүү);

12.Сардана Трофимова (жеңил атлетика);

13.Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);

14.Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);

15.Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);

16.Елизавета Печерских (сууда сүзүү).

Related posts

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү. Сүрөттөр

admin

Ысык- Көлдө «Ак Мөөр Fest – 2022» фестивалы болуп өттү

admin

Жаан жаабайт. 25-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий