Оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Өтмөк ашуусунда абал кандай?

Талас облусунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан унаа жолду тазалоо, кум себүү иштери жүрүүдө.

Аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кечээ саат 23:00дөн тарта убактылуу чектөө киргизилген. Ал эми жеңил автоунаалар өтүп жатат. Транспорт  министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Related posts

«Мурдагы бийлик тушунда салынган». Министр талкаланып калган жол боюнча үн катты

admin

Өмүрбек Текебаев Ак калпак майрамындагы видео менен бөлүштү

admin

Кыргызстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу башталды 

admin

Комментарий