Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК колдоду

Жогорку Кеңеш 19-декабрда «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун максаты:

Кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо.

Негизги өзгөртүүлөр:

  • Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине бир убакта өз ордунда жана жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынат.

Министрдин пикири:

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул мыйзамды кабыл алууну өтүнүп:

«Бардык жерде кландар бар. Дарыгерлер эртең менен мамлекеттик мекемеде иштеп, түштөн кийин бейтаптарды өзүнүн жеке клиникасына жөнөтөт. Муну токтотуш керек», — деп билдирген.

Учурдагы абал:

Кыргызстанда мамлекеттик 193 оорукана иштеп жатат. Мыйзам долбоору бул системадагы кыңыр иштерди жоюуга багытталган.

Related posts

Чаткалда кар көчкү алдында калган алты киши изделүүдө

admin

Жумгалда мал кайтарууга кеткен 45 жаштагы киши менен 9 жаштагы бала дайынсыз болууда

admin

14-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий