Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар боюнча мурдагы башчы кармалды

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга байланыштуу 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, мурдагы башчы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекеменин маалыматына караганда, коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуу фактылары катталган.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында мурдагы жетекчи А.Б.К.нын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдардын талаптары бузулган.

Натыйжада, мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени белгиленген.

2026-жылдын 31-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Байге фонду 1 миллион сом. Бишкекте акындардын айтышы өтөт

admin

Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды

admin

Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун рекорддук учуру катталды

admin

Комментарий