Орозайым Нарматова Кемпир-Абад жана азыркы бийлик боюнча үн катты

Жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Кемпир-Абад жана азыркы бийлик боюнча үн катты.

Өзүңөр билесиңер, менин башымдан оош-кыйыш күндөр өттү. Камалгандан кийинки 2 жыл аралыгында жашоомдо эмнелер болгону тууралуу журналисттерге маек берип, айтып бердим. Мени тааныгандар мени азыр “эмне менен алектенип жатат, саясатка келеби, бул бийликке таарынычы барбы?” деп жатышса керек. Кемпир-Абадды коргойбуз деп камалып калган агай-эжекелерибиз алардын арасында менин тагдырыбыз кандай болду? УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич менен жолугушуп чыкканы боюнча сын-пикирлер, талкуу болуп жатат. Аппак болуп көрүнгөндүн баары ак эмес, оппозицияда калдым дегендери чын эмес. Интернеттеги кызыл аянтта согушкандардын бири мен болчумун. Бийликтин тарапташтары бийликтин сөзүн укпай, алардын кыжырына тийип, аларга жагынайын деп менин аялдык намысыма шек келтирген учурлар дагы болгон. Бирок ошолордун баарын ичиме жутуп, камалгандан кийинки окуялар менен бөлүшөйүн деп жатам. 

Кемпир-Абаддын жээгинде чуркап чоңойгон кыз катары өзүмдүн оюмду айттым. Эмне болуп жатат акыл калчап, “Кемпир-Абад кетпеши керек” деп жеке тандоомду кылып, пикиримди айтып чыккам. Бирок Кемпир-Абад менен иши дагы жок адамдар камалып кеткенин жакшы билесиңер. Ооба, андан пайдаланып саясий абалды курчуткусу келгендер болгон. Аны жашырбайбыз. Аны эми тарых тастыктайт. 

Азыр мен 30 жаштамын. Оттой жанган жаштыгым элим, келечегим, менден кийинки муун деп күйгөн саясий лидерлерди колдоо менен кетти. Бирок ошол менин чырылдап чыккан күндөрүм туура кеттиби же туура эмеспи ага да тарых баасын берет. Туура эмес болсо, анда жазамды алдым. Эгер туура эмес колдосом ага керт башым менен жооп берем.

Ооба, мен учурунда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге катуу сын-пикирлеримди айтып келгем. Анткени бийликке келип, МатраимовКөлбаев менен иштешип кетти, ошолордон акча алып жатат деп жаман пикирге баргам. Бирок УКТнын башын кыя чабышты. Бул саясий жүрүш болгонуна эми көзүм жетип атат. Эмнеге унчукпай калдың, сындыңбы деп жатышат.

Азыркы бийлик кетсе ким келет? Татыктуу эч ким жок. “Бул бийлик жаман”-деп жээригенибиз менен булардын ордуна “келем”-дегендер бул бийликтен жүз эсе жаман. Эч кимге үмүтүм жок. Бирок чын ыкласым менен Акылбек Жапаровдуколдобосом да аны тескеп турган Ташиев бар, Садыр Жапаров туура жолду көрсөтүп турат деп үмүт кылам. Кыскасы ушундай!  “Мен чыныгы Кемпир-Абадчымын”-дегендер абайлап сүйлөсө дурус болот. Акча үчүн барып, ким кайсы жерде эмне кылып, эмне ушак таратып, публикага аппак болуп, баатыр болуп көрүнгөндөрдү да билип, угуп жатам. Бирок теңелбейм. Адамдардан чындыкты жашыруу мүмкүн, Кудайдан жашыруу мүмкүн эмес. Ооба, бул бийлик менен интернеттин кызыл майданында согуштум, фейктердинталандысында калдым, өзүм да эмоция менен көп сөз айттым, анын баары эсимде жана айткан сөздөрүмдөн баш тартпайм. Бирок кырдаал башка. Менин жеке таарынычымдан, каалоомдон мамлекеттин тынчтыгы, бейпилдиги маанилүү”,— деди ал.

Related posts

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

admin

Орусияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

admin

Бишкекте фейерверк аттырууга 800 миң сомдой сарпталганы жатат 

admin

Комментарий