Орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

Орусиядагы мектептер кийинки окуу жылдан тарта мигранттардын балдарын орус тили боюнча тест тапшырууга милдетендирген жобо менен иштешет. Мындай талап 2025-жылдын 1-апрелинен киргизилүүдө.

Орусиянын Билим берүү министрлиги чыгарган буйрукка ылайык, эгер мигранттын баласы милдеттүү тил курстарына катышпаса жана сынак тапшырбаса, анда анын ата-энеси административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Мындан сырткары министрлик мектептерге кабыл алууда талап кылына турган документтердин тизмесин кеңейтүүнү да пландап жатат. Алардын арасында жеке идентификациялык номур, жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандыруу номуру (СНИЛС), медициналык маалымкат, ошондой эле бармак изин тапшыргандыгын ырастаган документ бар.

Related posts

«Соттор бизге отчёт беришпейт». Ички иштер министри кармалган 11 журналист боюнча үн катты

admin

Акыйкатчыysy ишмердүүлүгүнө нааразы адамдар саны арбыды

admin

26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий