Орусияда издөөдө жүргөн жаран Кадамжайда кармалды

Чет өлкөдө издөөдө жүргөн жаран Кадамжайдан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусияда 2-декабрдан бери бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо фактысы менен издөөдө жүргөн Орусиянын 26 жаштагы тургуну Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Баткен облусунун аймагынан аныкталып, кармалган.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тиешелүү иш кагаздары толтурулуп, экстрадицялоо жагы каралып жатат.

Related posts

28-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

ЕАЭБдеги КР судьялары өлкөдөгү соттордой эле социалдык кепилдикке ээ болушту

admin

4-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий