Орусияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

Август айына карата Орусиянын «кара тизмесине» кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп.

Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.

Быйыл майда Орусиянын «кара тизмесинен» 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.

Миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн «Манас» аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн ачылган.

Августта Орусиянын бир катар шаарларында мигранттарга каршы рейд өтүп, полиция аларды кармап кеткен видеолор социалдык тармактарда тарады. Орус жарандыгын алган мигранттарга аскер комиссариатына чакыруу тапшырылган, жүздөгөн киши кармалган.

Орусиянын бардык аймактарында июндун соңунда да «Нелегал-2023» рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.

Августтун аягында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Москвада жолугушкан учурда мигранттар маселесин көтөргөн.

Жаманбаева Орусиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, «кара тизмеден» чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселелерге туш болуп жатканын айткан. Айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгилеген.

Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Related posts

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

admin

Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди 

admin

Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды. Ал Камчы Көлбаевге жер тилке берген деп айыпталууда

admin

Комментарий