Орусияда каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Президент атайын борт уюштурууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, 3 киши медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталып жатат. .

КР ТИМдин маалыматына таянсак, окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Related posts

Чүйдө 28 жаштагы жигит сабалып, ооруканага түшкөн. Шектүүлөр кармалды

admin

Вэнс Зеленскийдин Ак үйдөгү сүйлөшүүгө кайтуу шартын атады

admin

Садыр Жапаров: Биз азербайжандык боордошторубуз менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча натыйжалуу иш алып барууга даярбыз

admin

Комментарий