Орусияда жол кырсыктан каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенге жеткирилди

Орусиянын Пенза облусундагы трассада болгон жол кырсыгынан улам эки Кыргыз Республикасынын жараны каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, 4-февралда Пенза шаарынын трассасында болгон жол кырсыгынан улам Кыргыз Республикасынын эки жараны каза таап, бир Орусиянын жараны оор жаракат алган.

Азыркы учурда каза болгон мекендештердин сөөктөрү андан ары жерге берүүгө Кыргызстанга жеткирилген. Ал эми жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө.

Related posts

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти 

admin

ЗАМИР ИЛИПОВДУН КИТЕПТЕРИ ЖЕНЕВАДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

admin

19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий