Орусияда жол кырсыктан каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенге жеткирилди

Орусиянын Пенза облусундагы трассада болгон жол кырсыгынан улам эки Кыргыз Республикасынын жараны каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, 4-февралда Пенза шаарынын трассасында болгон жол кырсыгынан улам Кыргыз Республикасынын эки жараны каза таап, бир Орусиянын жараны оор жаракат алган.

Азыркы учурда каза болгон мекендештердин сөөктөрү андан ары жерге берүүгө Кыргызстанга жеткирилген. Ал эми жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө.

Related posts

КР УКМК: Ысык-Көл районунда баңги затын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды.

admin

15-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Шайирбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы директору болуп дайындалды

admin

Комментарий