Орусиядагы аэропортто кыргызстандык аял 600 миң рубль акчасын уурдатты 

Москвадагы «Домодедово» аэропортунун жүктөгүчтөрү кыргызстандык аялдын жүгүнөн 600 миң рубль уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Life басылмасы жазды. 

Маалыматка караганда, Москва-Ош каттамында эки кызматкер багажды жүктөгөн. Жумуш учурунда алар бир нече баштыктарды ачып, биринен 600 миң рубль табышкан. 

Жүргүнчү акчанын жоголгонун Кыргызстанга келгенде байкаган. Ал дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалып, алар Москва районунда жашаган 38 жана 40 жаштагы жарандар экени аныкталган. Милиция кармалгандардан уурдалган акчанын бир бөлүгүн табышкан.

Related posts

УКМК: Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагында жер тилкелери мыйзамсыз сатылган 

admin

Путин «Крокустагы» теракт кимге пайдалуу экенин айтты

admin

Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

admin

Комментарий