Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан эки кыргыз кыздын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды. Тизмени кечээ, 26-мартта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңылап илди.
Буга чейин 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы дайынсыз болуп изделип жаткан болчу.