Орусиядан 72 миң кыргызстандык мигранттар массалык кайтарууга дуушар болушу ыктымал

Орусиядан 72 миң кыргызстандык мигранттар массалык кайтарууга дуушар болушу ыктымал. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында Орусиянын аймагында каттоосу жок жүргөн 72 миң жаран бар. Эгер мигранттар документтерин 30-апрелге чейин мыйзамдаштырбаса депортацияланышы мүмкүн.

Бакыт Дарманкул уулу Орусияда рублдин курсунун төмөндөшүнөн жана жаңы кабыл алынган миграция мыйзамынан улам ансыз да ал жакта иштеген мигранттардын саны кыскарганын айтты. Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, 2022-жылы Орусиянын аймагында 587 миң мигрант жүрсө, 2023-жылы 408 миң киши калган.

Related posts

Депутат Мамасадыков алтын медаль уткан спортчу менен жолугушту

admin

Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду

admin

Коомдук ишмер Расул Айдаров Ноокат районундагы 3 мектепке интерактивдүү доска белек кылды

admin

Комментарий