Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан адам жүргүнчүлөрү тарабынан өлтүрүлгөн 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү издеп жатат, деп билдиришти бүгүн, 2-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан.

20-июнь күнү эртең менен Токтогул районунун Үч-Терек айылында зомбулуктан каза болгон европа улутундагы адамдын жансыз денеси арыктан табылган.

Аталган факты боюнча ИИМ КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгоду.

Укук коргоо кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташкан — ал 44 жаштагы Д.К. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал июнь айында Орусиядан эки жүргүнчүсү – 32 жаштагы Тилек Жаанбаев жана 24 жаштагы Аптандил уулу Марлен менен унаасы менен чыгып кеткен. Кыргызстанга келе жатып өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен.

Тергөөчүлөр унааны табышты, бирок шектүүлөр из жашырып жатышат.

Буга байланыштуу милиция шектүүлөрдү көргөн же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (312) 26-62-61, ыкчам кызматкерлер 0 (700) 04-55-55, 0 (553) 55-11-18, 0 (500) 67-63-18, 0 (704) 99-59-88, 0 (700) 90-10-90.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Related posts

 Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

admin

Ордо калаанын жалпы имамдары Палестинада курман болгондорго дуба кылды

admin

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келет

admin

Комментарий