Ош облустук милициясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШ жараны Н.Б., С.З. жана П.М.нын жардамы менен Ош ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы К.И.А.га зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча Кыргыз жаранына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бирок милиция кызматкери чара көрүүнүн ордуна, экинчиси менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жаранынан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган. Чындыкты аныктоо максатында АКШнын жараны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерине карата чара көрүү үчүн кайрылууга аргасыз болгон, ал козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда пара менен кармалган.

13-февраль күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

«Ата-энесин бакпаган адам мамлекетке кызмат кылып жарытпайт». Депутат карылар үйүндөгү карылар тууралуу маселе көтөрдү

admin

Райымбек Матраимов УКМКга жеткирилди

admin

УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган жаран кармалды

admin

Комментарий