Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаевакармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Сырттан соттолгон Абдуллаева Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон. 2014-жылы сырттан 16 жылга соттолгон.