Ош шаарында 18 жерде көмүр сатылып жатат (дареги)

Ош шаарында 18 жерге көмүр сатуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көмүрдүн килограммы сапатына жараша 5 сом 50 тыйындан 6 сом 80 тыйынга чейин сатылууда.

Шаар тургундары кара отунду төмөнкү даректер боюнча сатып алса болот:

№2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы:

— Биринчи май менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде;

— Атабаев көчөсү, май куюучу станциянын артында.

№3 Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы:

— Ак-Тилек кичи районундагы айланма жолдун жанында;

— Ак-Тилек кичи районундагы Б.Осмонов көчөсүндөгү №52 орто мектептин тушунда;

— Т.Кулатов кичи районундагы айланма жолдун жанында.

№4 Манас Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы:

— И.Раззаков көчөсү №1.

№5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгы:

— №111, №101 (эки жерде) көчөлөрүндө, Имам-Ата жолунда;

— С.Айни көчөсү;

— С.Айни, Шусова көчөлөрүнүн кесилишинде (почта).

№6 Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы:

— Баку көчөсү (Фуркат конушуна кеткен айланма жол).

Жапалак айыл аймактык башкармалыгы:

— Орке айылы, Ташиев көчөсү;

— Татар айылы, (эски кампа) У. Жумаев көчөсү;

— Гүлбаар-Төлөйкөн айылы, (Ажибаев дүкөнү);

— Керме-Тоо айылы (унаа базары);

— Керме-Тоо айылы, (ички жол) Н.Чунаев көчөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Related posts

Бишкек шаарында күндүз +16°ка чейин жылуу болот — 25-декабрга карата аба ырайы

admin

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды

admin

Түркиялык адистер Кыргызстандын органдарды алмаштырууга даярдыгын баалап жатышат

admin

Комментарий