Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө 

Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргыз Республиканын кубогу өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, аталган федерациянын вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөлөөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан 7 эркек жана 7 аял — 14 салмактык категория боюнча 100дөн ашык спортчу катышууда.

Кубоктун жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланат. Аталган турнирде жогорку чеберчиликти көрсөткөн спортчуларга, спорт чебери наамы ыйгарылат.

Related posts

Ысык-Атада 6,5 килограмм салмактагы ымыркай төрөлдү

admin

«Ысыкта жарым саат турган». Германиянын президентин Катардын аэропортунда тосуп алууну унутуп коюшкан (видео)

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

Комментарий