Ош шаарындагы бала бакчада тартылган видео интернетке тарап… Анын директору кармалды

Turmush — Ош шаарында балдар бакчасынын жетекчиси милиция кызматкерине пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жайгашкан «Би-Би» аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгү текшерилип жаткан. Мындай текшерүүгө аталган балдар бакчасынын тарбиялануучуларына атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келген жана талаптарга жооп бербеген диний сабактарды өткөрүү, башка улуттун кийимдерин кийгизүү боюнча тартылган видеороликтер себеп болгон. Алар айрым интернет булактарга тараган.

«Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 2023-жылдын 19-январында аталган бакчанын жетекчиси, 1970-жылы туулган Х.Ф. өз кызыкчылыгын коргоп, текшерүү иштерин токтотууну көздөп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаган.

Балдар бакчасынын жетекчиси Х.Ф. ыкчам кызматкерге 20 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурда Ош ШИИБдин жана УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Пара берүү учуру фото-видео менен тастыкталган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган факт боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

Токмокто жол кырсыгынан 3 адам жабыркады 

admin

7 саатта Британияга жумушка баруу үчүн 26 миңден ашуун адам арыз берди

admin

Кыргызстан 2040- жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын 50 пайызга жеткирет

admin

Комментарий