Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 21-мартта саат 22:47де Ооганстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.